Радио

Каимов: темир жол аркылуу жүк ташуу үзгүлтүксүз иштеп жатат

"Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов 17-марттан баштап жүргүнчүлөрдүн каттоосуна киргизилген чектөө абал турукташканга чейин уланарын айтты.
Sputnik
Каимов: темир жол аркылуу жүк ташуу үзгүлтүксүз иштеп жатат

Жүк ташуу боюнча эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Учурда жүк ташуучулардын арызына жараша каттамдар жүрүп жатат. Бул тууралуу Эркин Каимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан, Казакстандан көмүр, курулуш материалдары алып келинүүдө, ал эми кырдаалга ылайык, азык-түлүктөрдү ташууга чектөө киргизилди.

"Ишканада комиссия түзүлүп, март айынын башынан бери көзөмөл иштери башталган. Бүгүнкү күндө Казакстанда өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин, 17-марттан баштап Бишкек — Москва, Бишкек — Казань, Бишкек — Новосибирск жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдар токтотулган. Билет сатып алгандардын акчасы кайтарылууда. Бишкек — Кара-Балта каттамы да токтотулду. Чектөө абал турукташканга чейин уланат. Ал эми жүк ташуу боюнча эч кандай тоскоолдуктар жок. Жүк жөнөтүүчүлөр жана алуучулар арыздарын берип, үзгүлтүксүз иш жүрүүдө. Ошентсе да жүктөрдү чек ара, медицина кызматкерлери вируска каршы аракеттерди көрүп, текшерип өткөрүп жатат. Бул ишти аткарууга бекитилген адамдар дароо Республикалык штабга отчет беришет", — Каимов.

Ал жүргүнчүлөрдү транспорттордун жүрүүсүнө киргизилген чектөөнү түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.