Элчилик: 239 кыргызстандык Москвадан мекенине учуп кете алган жок

Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, айрым жерлерге өзгөчө абал киргизилгенин түшүндүргөн соң басымдуу бөлүгү аэропорттон кетишти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан 239 кыргызстандык мекенине учуп кете албай койду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Каимов: темир жол аркылуу жүк ташуу үзгүлтүксүз иштеп жатат
24-март күнү мурда билет сатып алган каттамдардын баары токтотулгандыктан, Шереметьево аэропортуна 239 кыргызстандык эптеп учуп кетүүнү көздөп келген. Алардын 100ү Бишкекке, 139у Ош шаарына учууну көздөп жатышат. Алардын ичинен 20 киши транзит менен АКШ, Венгрия жана Белоруссиядан учуп келе жаткандар.

Элчиликтин кызматкерлери Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, айрым жерлерге өзгөчө абал киргизилгенин түшүндүргөн соң басымдуу бөлүгү аэропорттон кетишти. Бирок 100дөн ашык киши келерки каттамдарды күтөрүн айтып, аба майданда калып калышты.

"Аэрофлот" компаниясынын келерки каттамы транзит аймагындагыларды гана алып кетерин айткан, калган каттамдар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

“Көпчүлүк келерки каттам менен ким учарын элчилик чечет деген жалган маалыматка ишенип алыптыр. Бул чындыкка туура келбейт”, — дешти элчиликтен.

Учурда дипөкүлчүлүктүн кызматкерлери Москва шаарынын аэропортторунда авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатканы кошумчаланды.