Өзгөчө абал. Маршруттук баракча деген эмне жана аны кантип толтуруу керек?

Шаардыктардын көбү соцтармактан маршруттук баракча деген эмне экенин сурашты. Бул баракчаны жаран күндүз көчөгө чыкканда сөзсүз жанына алып жүрүшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өкмөт өзгөчө абал учурунда көчөгө чыкканда көрсөтө турчу маршруттук баракча деген эмне экенин түшүндүрүп берди.

Өлкөдө коронавирустун жайылып кетпешине бөгөт коюу максатында Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө абал боюнча тексттик баян. Сүрөт, видео
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек экенин эскерткен. Анткени бул убакта коменданттык саат жарыяланган. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот.

Эгер көчөгө ушул үч нерсе үчүн чыга турган болсо, жарандын жанында өздүгүн тастыктаган документ жана маршруттук баракча болушу керек.

Маршруттук баракча — бул жаран өз колу менен толтурган анкета.

Анда төмөнкү маалыматтар жазылышы шарт:

  • аты-жөнү;
  • телефон номери;
  • үйдөн чыккан себеби;
  • канча убакытта үйүнө барары;
  • жашаган жери;
  • бара турган жеринин дареги.

Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Редакция өлкөдөгү кырдаал боюнча тексттик трансляция жүргүзүп жатат.