Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

Буга чейин Кыргызстан менен Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө товар ташууга убактылуу тыюу салган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-мартта "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, "Чоң-Капка" аркылуу 26 жүк ташуучу унаа Кыргызстанга келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргызстандан чыгып кеткен.

"Унааларды өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө. Товарлардын арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү буюмдар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар", — дешти өкмөттөн.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө товар ташууга убактылуу тыюу салган.