Коронавирус жайылган учурда бойго бүтүрүү кооптуубу? Окумуштуунун кеңеши

Эксперт коронавирустун түйүлдүктүн түйүлүшүнө жана эркектин уруктугуна таасири болот деген маалыматтар бар экендигин эске салган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. – Sputnik. Коронавирустун баланын төрөлүүсүнө кандай таасир берери так эмес, бирок адистер колдон келсе азыр аялдар боюна бүтүрбөй турганы жакшы экенин айтышат. Бул тууралуу РИА Новости кооптуу инфекциялар боюнча эксперт, Россиянын Илимдер академиясынын академиги Виктор Малеевге шилтеме кылып жазды.

Эксперт коронавирустун түйүлдүктүн түйүлүшүнө жана эркектин уруктугуна таасири болот деген маалыматтар бар экендигин эске салган.

"Кош бойлуулуктун кечирээк этаптары боюнча сөз кылсак, эгерде өпкө катуу ооруса бир топ татаал болору айтылат. Бул абал өтө кыйын өтөт. Бактыга жараша, мындай учур аз кездешкен. Кытайда аялдардын мындай абалы аз болгондуктан байкоого алынгандар да, албетте, сейрек. Баары жакшы аяктаган. Дегеле маалыматтар өтө аз. Азырынча теориялык жактан алдын ала айтылгандар арбыныраак", – деген Малеев.

Айтмакчы, 24-мартта кыргызстандык адистер коронавирус жуктуруп алган эненин ымыркайынан жугуштуу оору табылган жок деген жакшы кабарды айтышты.