Шевченкого чакырык таштаган мушкер Сехудо Гиннестин рекорддор китебине кирди

33 жаштагы мушкер эркин күрөш боюнча Пекин Олимпиадасынын алтын медалынын ээси жана UFC уюмунун чемпиону.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жеңил салмак категориясы боюнча учурдагы UFC чемпиону Генри Сехудо жыл сайын белгилүү адамдарды жарыялаган Гиннестин рекорддор китебине кирди. Мындай кабары менен ал Instagram баракчасы аркылуу бөлүштү.

Сехудо беделдүү аралаш мушташ спортунун курун тагынууга жетишкен алгачкы олимпиада чемпиону болгону үчүн рекорд жаратты деп табылган.

"Бул Гиннестин рекорддор китеби-2020. Мен сиздерге үч жолку чемпион сезону болот деп айткан элем, мына өзүңүздөр көрдүңүздөр. Олимпиаданын биринчи чемпиону жана UFC титулунун ээси. Дагы бирөөнү унутуп калышыптыр, бул менин экинчи курум. Кандай болсо да бул рекордго сыймыктанып турам. Мага дем берди", — деп айткан спортчу.

33 жаштагы Генри Сехудо эркин күрөш боюнча Пекин Олимпиадасынын алтын медалынын ээси, жеңил салмак категориясы боюнча UFC чемпиону.

UFC президенти Шевченкону беттешке чакырган Сехудонун аракетине баа берди
Буга чейин ал кыргызстандык жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченкого чакырып таштап, тарыхта гендер аралык дүйнө чемпиону болуу ниетин билдирген. Ага жооп берген Шевченко беттешке чыгууга каршы эместигин айтып, бирок сүттү ысык ууртабай этият болушу керектигин эскерткен.

Кийинчерээк уюмдун президенти Дана Уайт Сехудонун идеясын "аңкоолук" деп атаган.