ЖМК: Ханзаада Чарльз коронавирус жуктуруп алды

Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Улуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльз коронавирус жуктуруп алганын падыша үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү билдирди. Бул тууралуу ВВС маалымдады.

"Андан вирустун жеңил эле белгилери байкалды, бирок абалы жакшы. Бир топ күндөн бери адаттагыдай үйдөн иштеп жатат", — дешкен ханзаада жашаган үйдүн өкүлдөрү.

Ханзаада Чарльздин жубайы герцогиня Корнуольская да коронавируска текшерилген. Бирок андан инфекция аныкталган эмес.

Елизавета II коронавирустан коркуп сыйлыктарды кол капчан тапшырып жатат
Азыркы учурда ханзаада менен жубайы обочолонуп Шотландиядагы Балморад сарайында.

"Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан", — деп айтылат маалыматта.

Ал катышкан акыркы иш-чара 12-мартта болгон. Ханзаада анда Елизавета II менен кезиккен.

Ханзаада Чарльз Улуу Британия ханышасы Елизаветанын уулу, учурда 71 жашта.