БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш G20 уюмуна кирген өлкөлөрдүн лидерлерине кайрылып, коронавирус пандемиясына байланыштуу дары-дармек жана зарыл болгон товарлар оңой ташылуусу үчүн санкцияларды токтотууну сунуштады. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
"Мындай кадам дүйнө элдери менен тилектештиктин белгиси болмок. Азыр обочолонуунун эмес, тилектештиктин мезгили", — деген башкы катчы.
Ошондой эле Гутерриш G20 уюмунун коронавирус боюнча 26-март күнү онлайн-саммит өткөрүүсүн колдой турганын билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнө ушул 20 өлкөнүн чечимин күтүп жатат.
"Кырдаал аскердик режим сыяктуу мурда биз көрбөгөн чараларды кабыл алууну талап кылып жатат", — деди ал.
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта дүйнөдө COVID-19 вирусуна 422 652 адам кабылды. Алардын ичинен 108 340ы сакайып кетсе, 18 901и каза тапты.