Бишкекте үй карантинине алынгандарды 10 мобилдүү бригада карап жатат

24-мартта мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерилди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте 10 мобилдүү бригада үй карантининдеги жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

24-мартта мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерилди.

"Бригаданын курамында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан бир дарыгер жана бир эпидемиолог бар, алар өздүк коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш менен камсыз болушту.

Компьютер жана керектүү жабдыктар менен камсыздалган иш бөлмөлөр берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы мобилдик бригадалар үчүн айдоочулары менен 10 автоунааны күйүүчү майлары менен камсыз кылганы айтылды.

"Мобилдүү бригадаларды киргизүү ресурстарды натыйжалуу колдонууга, медицина кызматкерлеринин оорулуулар менен болгон байланышын минималдаштырууга жана жергиликтүү медициналык борборлордун дарыгерлеринин ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда

Бул күндөр да өтөт! Музыканттар бишкектиктерди колдогон видео
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.