Жайкы Олимпиада оюндары башка убакытка жылды

Буга чейин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Бахка оюндарды бир жылга жылдырууну сунуштаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары бир жылга жылдырылмай болду. Бул тууралуу РИА Новости Токионун губернаторуна шилтеме берип жазды. 

Тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрмөй болду.

Буга чейин Австралия, Канада жана Улуу Британия быйыл Олимпиадага катышпай турганын жар салган.

Олимпиада оюндары июлдун аягы августтун башына пландалган. Кыргызстандык спортчулардын беш лицензиясы бар.