БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ал эртең, 25-марттан тарта кечки саат 20.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилерин эскерткен.
"Коменданттык саат убагында бардык кыймыл токтотулат. Талаптарды аткарбаган жарандар мыйзамдын негизинде жоопко тартылат. Көчөдө себепсиз жүрүүгө чектөө киргизилет. Бул сиздин жана коомчулуктун саламаттыгы үчүн жасалууда. Андыктан үйдөн чыкпай отуруңуздар. Эгер ички иштер органдары, аскер кызматкерлери, медицина же санэпидемстанция кызматкерлери гана күрөшө турган илдет болгондо, биз албетте жеңмекпиз", — деди Маликов.
Ошондой эле ал медиктер сунуштаган эрежелерди аткарып, тартипти так сактоо бул илдеттен эртерээк кутулуу мүмкүн экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, бүгүн түшкө жуук коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы жонунан 42 кишиге жетти. Ооруканада жаткандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Эртеңден тарта Бишкек шаарына, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилет.
Эми көчөдө жүрүү тартиби кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз.