БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Ош шаарынын ичинде бүгүн, 24-марттан тарта, такси жүрбөй калды. Бул туурасында мэриянын атайын социалдык тармактагы баракчасында кабарланды.
Мындай чечим жалпы эпидемиологиялык абалдан, коопсуздукту сактоо чараларынан улам кабыл алынган.
"Ош шаарында такси каттамдары токтотулат. Үйдөн чыкпашыңарды суранабыз", — деп айтылган элге жасалган кайрылууда.
Учурда Ош калаасында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эки каттамдагы троллейбус менен эки каттамдагы автобус иштеп жатат.
Ал эми кечээтен, 23-марттан тарта, Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.
Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал
Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.
Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.