Коронавируска кош бойлуу келин шектелсе кайда жаткырылары айтылды

Ошондой эле башка өнөкөт оорулары болуп туруп коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар үчүн дагы аймактардагы ооруканаларда башкача шарт түзүлгөнү белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Эгер кош бойлуу аялдар коронавируска шектелип калса, Бишкектеги №2 төрөт үйүнө жаткырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, аталган төрөт үйүндө мындай аялдар үчүн атайын палаталар дайындалган.

"Башка кош бойлуулардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратпоо үчүн атайын палаталар имараттын башка жагында жайгашкан. Ага өзүнчө эшиктен киришет. Обсервациядагылар үчүн өзүнчө санитардык аймак каралган", — деди Акматова.

Ошондой эле жетекчи башка өнөкөт оорулары болуп туруп коронавирус жуктуруп алгандар үчүн аймактардагы ооруканаларда оорусуна тиешелүү атайын обочолонгон палаталар дайындалганын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн, 24-мартта, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Алардын арасында үч бала бар. Ушуну менен өлкө аймагында илдетке кабылгандардын саны 42ге жетти.