Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилмей болду

Аталган шаарларда өзгөчө абал 25-марттан тарта 15-апрелге чейин киргизилмекчи. Президент тийиштүү жарлыктарга кол коюлуп Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Sputnik

 

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Эртеңден тарта Кыргызстандын бир катар шаар, облустарына өзгөчө абал киргизилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушкан.

Вирус ар бирибиздин жаныбызда! Абылгазиевдин элге жасаган видеокайрылуусу
Анда өлкөдө коронавирустун жайылып жатышы тууралуу сөз болгон. Мындан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна өзгөчө абал киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Президент тийиштүү жарлыктарга кол коюлуп Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Аталган шаарларда өзгөчө абал 25-марттан тарта 15-апрелге чейин киргизилмекчи.

Бул убакыттан тарта көрсөтүлгөн шаар, райондордо комендатура уюштурулат.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардагы санитардык-карантиндик посттордон өтүүдө азык-түлүк жана башка эл керектөөчү товарлар менен жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Өзгөчө абал деген эмне?

22-марттан тарта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилген. Эми 25-марттан тарта өлкөнүн айрым шаарларына өзгөчө абал (ӨА) киргизилмей болду. Өзгөчө абал киргенде көрсөтүлгөн шаарларга комендантура киргизилип, абалды Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет координациялай баштайт.

ӨА режими КР жарандарынын, четөлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндигин чектеп, аларга да кошумча милдеттерди жүктөйт.