Жээнбеков Жунушалиевге фейк маалымат тараткандарды катуу жазалоону тапшырды

Мамлекет башчы Жээнбеков  элдин топтолушуна жол бербөө, коомдук тартипти камсыздоо зарылдыгын дагы бир жолу белгилеген. 
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-мартта, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.   

Анда өзгөчө кырдаал учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланганы айтылат.

Жээнбеков Жунушалиевге фейк маалымат тараткандарды катуу жазалоону тапшырды

Жунушалиев өлкөнүн бардык аймактарында 14 санитардык-карантиндик посттор коюлганын маалымдаган. Ошондой эле бардык карантиндик зоналар, дарылоо-санитардык мекемелери, стратегиялык объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынганын айткан. 

Ал эми Жээнбеков жарандардын тартипти сактоосу, элдин топтолушуна жол бербөө, коомдук тартипти камсыздоо зарылдыгын дагы бир жолу билдирген.

“Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал тууралуу чындыкка дал келбеген, чагымчыл маалыматтарга өз маалында бөгөт коюу зарыл. Мындай адамдар тиешелүү мыйзамдарга ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышы керек”,  — деп баса белгилеген президент.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Жээнбеков: банктар кардарларына түшүнүү менен карап жардам бериши керек
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 23-мартта 16га жетти. Алар Сузак, Ноокат, Баткен облустарынын жана Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.