Жалал-Абад шаарына кирип-чыгуу токтотулат

Облустук штабдын мындай чечими Жалал-Абад шаарында кыймыл көбөйүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына кирип чыгуу 24-марттан баштап токтойт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, эртеңден тарта шаарга башка аймактан келген жарандардын кирүүсүнө жана калаа ичиндегилердин сыртка чыгуусуна тыюу салынат.

Облустук штабдын мындай чечими Жалал-Абад шаарында кыймыл көбөйүп кеткендигине байланыштуу кабыл алынган.

Эске салсак, 22-мартта Кыргызстанга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.