Россияга КМШ өлкөлөрүнүн жарандары эркин кире алат

Белгилей кетсек, Россия 18-марттан тарта 1-майга чейин чет элдиктерди өз аймагына киргизүү боюнча чектөөлөрдү койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Россия чек арасын чет элдиктерге жапканына карабай, бир нече өлкөнүн жарандарына кирүүгө уруксат берет. Анын арасында Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, Россия 18-марттан тарта 1-майга чейин чет элдиктерди өз аймагына киргизүү боюнча чектөөлөрдү койгон.

"Россия өкмөтү чектөөлөрдүн КМШ өлкөлөрүнүн, Абхазия жана Түштүк Осетиянын жарандарына тиешеси жок экенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Кыргызстанга чет элдиктердин кирүүсү боюнча шарт өзгөрдү
Кыргызстан дагы чет өлкөлүктөрдүн киришине чектөө койгон. Бул боюнча өкмөттүн буйругуна 22-март күнү киргизилген өзгөртүүлөргө караганда, Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салынды.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.