Жашап кетчүлөр каза болуп... Коронавирустан улам Нью-Йоркто абал начарлоодо

АКШда Нью-Йорк штаты коронавирустун очогу болуп калды. Жалпысынан өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган 35 миңден ашык учур катталса, анын жарымы Нью-Йорк штатында.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Нью-Йорктун мэри Билл Де Блазио керектүү дары-дармектин запасы азайып бараткандыгына байланыштуу, штатта коронавирус эпидемиясы мындан да кулачын жайышы мүмкүн экендигин эскертти. Бул тууралуу ВВС маалымдады.

АКШда Нью-Йорк штаты коронавирустун очогу болуп калды. Жалпысынан өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган 35 миңден ашык учур катталса, анын жарымы Нью-Йорк штатында.

"10 күндөн кийин дары-дармектин жетишсиздиги байкалат. Эгер биз өпкөнү жасалма дем алдыруучу вентиляция аппараттарын дагы албасак, адамдар бул дүйнө менен кош айтыша баштайт", — деди Блазио.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо вирусту жуктуруп алгандардын саны тездик менен өсүп жатканын айткан. Мындан улам шашылыш эмес операцияларды токтото турууну буюрду.

Япониянын өкмөт башчысы Олимпиада жылдырылышы мүмкүндүгүн айтты
"Америкалыктар ачуу чындыкты билиши керек. Кырдаал начарлап жатат. Апрель, май айлары мындан да оор болушу ыктымал", — деди Куомо.

Аталган штатта коронавирусту жуктуруп алгандардын арасында абактагылар, полиция кызматкерлери дагы бар.

АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорк штатына өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча декларацияны өткөн жума күнү жактырган. Эгер штатка өзгөчө кырдаал кирип калса, ал жакка федаралдык жардамдан миллиарддаган доллар бөлүнөт.

Бирок Де Блазио администрацияны болуп жаткан кырдаалга көңүл кош мамиле кылып жаткандыгы үчүн сынга алды.

"Бетке айтайын. Эгер президент чара көрбөсө, жашап кете турчу адамдар бул дүйнө менен кош айтыша баштайт", — деген Блазио.

Ал арада Нью-Йорктун дарыгерлери дары-дармектин запасы азайып жатканын, бейтаптар менен түздөн-түз байланышта болуп жаткан медицина кызматкерлерине коргоочу кийимдер, жабдуулар жетишпей жатканын билдиришкен.