Доллар кайра кымбаттады. Алтын менен күйүүчү майдын баасы өзгөрдүбү

Күйүүчү майдын баасы өзгөрүлгөн жок. Бирок алтын куймаларынын наркы бир аз көтөрүлдү. Мисалы, бир унцийди (31 грамм) сатып алуу 19 мартта 124 миң сом болсо, азыр 140 миң сомго жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өткөн жуманын акыркы күндөрүнө салыштырмалуу доллар кайра кымбаттап кетти.

Учурда акча алмаштыруу жайлары АКШ акчасын 77,65 сомдон сатып алып, 77,70 сомдон сатууда. Өткөн ишемби, жекшемби күндөрү доллар 73 сом деңгээлинде кармалып турган.

Ошондой эле евронун курсу дагы жогорулады. Сатып алуу — 79.61 сом, сатуу — 88.85 сом.

Бизнес доллар көз карандылыгынан канткенде кутулат? Саресеп
Күйүүчү майдын баасы өзгөрүлгөн жок. Бирок алтын куймаларынын наркы бир аз көтөрүлдү. Мисалы, бир унцийди (31 грамм) сатып алуу 19 мартта 124 миң сом болсо, азыр 140 миң сомго жетти.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.