Коронавирустун эл биле элек жаңы симптому айтылды

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 266 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алса, анын 11 миңи көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Коронавирустун бир эле белгиси пайда болушу мүмкүн — адам жыт сезбей калат. Бул тууралуу Британиядагы оториноларингология ассоциациясынан билдиришкенин "Известия" жазды.

Адистердин айтымында, мындай симптом COVID-19 илдетине кабылгандардын көпчүлүгүнөн байкалган. Дарыгерлер Түндүк Корея, Кытай, Италия жана Германиядагы бейтаптардын маалыматтарын изилдеп чыгышкан. Натыйжада ооругандардын көбү жарым-жартылай же толугу менен жыт сезбей калганы аныкталган.

"Жыт сезбей калуу коронавирустун жападан жалгыз симптому дагы болуп калышы мүмкүн. Мында адамдын дене табы көтөрүлүп, жөтөлбөйт", — дешти адистер.

Окумуштуулар жыт сезбей калган адамдарды жети күндүк карантинге жөнөтүү сунушун берип жатышат.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 266 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алса, алардын 11 миңи көз жумду.