Ишкерлер коронавирус менен күрөшүүгө канча акча которгону белгилүү болду

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктан да жардам алууга сурам жибергенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүнкү күндө коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 8 миллион 702 миң сом келип түштү. Бул туурасында вице-премьер Эркин Асрандиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда бул каражаттын бир тыйыны дагы колдонула элек. Аны бөлүштүрүү тартиби Жогорку Кеңеш менен макулдашылат.

"Чогулган акчаны бөлүштүрүү тартиби Жогорку Кеңеш менен макулдашылат. Анын кайда жумшалганы туурасында жума сайын маалымат берип турабыз", — деди Асрандиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банктан да жардам алууга сурам жибергенин айтты.