Тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде иммунитетти кандай жолдор менен көтөрүүгө болорун талкуулап, биологиялык активдүү кошулмалардын зыяндуулугун айтып берди.
— Иммунитетти илдетке туруштук бере алчудай кандай жолдор менен көтөрсө болот?
— Иммунитет кандай бактерия, вирус болбосун ага туруштук берүүсү керек. Аны көтөрүүнүн жол-жобосунун баары эле адамдын колунан келет. Алгач кыймыл-аракетти көбөйтүү зарыл. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасап туралбасаңар да жок дегенде бир күндө 5-6 миң кадам басуу керек. Экинчиден, туура тамактануу. Азыр көпчүлүгү эле жарым-жартылай даярдалган тамактар менен азыктанып жатышат. Аларда химиялык кошулмалар камтылган, иммунитетти түшүрүүчү глицинат натрий бар. Глицинат натрий тамактын даамын жакшыртып, адам аны жеген сайын жегиси келет. Мисалга, гамбургер, шаурма өңдүү тез даярдалуучу тамактарды жегиң келе бергени ошол. Муну менен катар рафинаддалган, жогорку, биринчи сорттогу ундар иммунитетти түшүрөт. Себеби аппараттан тазаланып отуруп, буудайдагы керектүү нерсенин баары кабыгы менен чыгып кетет. Ал эми кол тегирмендин унунан күндө тамак жасап жесе салмак да кошпойт, пайдасы да көп, В витаминин толугу менен алабыз. Ошондой эле кеч киргенде мелатонин организмден бөлүнүп чыга баштайт. Саат кечки 10до мелатонин организмде аябай көбөйөт. Ошол убакта сөз жок уктоо керек. Эртең менен жерге жарык киргенде туруу абзел. Мына ушундай режимди сактаса, иммунитет жогорулайт.
— Антибиотиктердин иммунитетке таасири канчалык?
— Азыр адамдар бир нерсе болсо эле дарыканадан өзүм билемдик менен антибиотик алып ичип жатышат. Ушул биздин иммунитетке терс таасир тийгизет. Бөйрөк ооруп, өпкө пневмонияга кабылып же цистит болсо, анда сөзсүз антибиотик керек. Бирок дарыгерге кайрылып, анын кеңеши менен гана колдонууга болот. Туура эмес антибиотик колдонуу иммунитетти түшүрөт.
— Вируска каршы туруунун дагы кандай жолдору бар?
— Өсүмдүктөрчү?
— Өсүмдүктөр да иммунитетти көтөрөт. Сары чөп, женьшень, алоэ. Женьшендин өлчөмүн, пайдалануу убактысын билүү керек. Муну күн ысып кеткенден кийин колдонууга болбойт. Ал эми алоэни эзип, балга же үйдө даярдап жүргөн сиропторго кошуп колдонсо болот. Себеби ал кычкыл, ошол себептен таттуу кошулат. Бул өсүмдүк илимий жактан тастыкталган биостимулятор. Бир гана боюнда бар аялдарга жана өнөкөт цистит оорусу барларга болбойт.
— Кайсы табигый тамактарды сунуштайт элеңиз?
— Азыр ушу тапта күнөсканада өстүрүлгөн помидор, бадыраңдарды жеп жатабыз. Мисалы, помидордо эки ген болот, парникте өстүргөндөр анын бирин алып салат. Ошондуктан тегиз бышып, катуу болуп тура берет. Бул туура эмес. Андан тышкары, колго тамак жасап жеш керек. Жаңы чыккан картошканын эч кандай пайдасы жок. Былтыркы өнгөн картошканы кабыгын калыңыраак аарчып, ошондон тамак жасоо керек. Кыргыздар негизи этке аябай басым жасайбыз. Ушундай убакта эттен бир аз алысыраак болуу керек. Бир жумада эки жолу эт жесе болот. Андан тышкары, чечевица, буудай, нокотто эттеги витаминдер бар. Ошолорду көбүрөөк колдонсо жакшы.
— Учурда ар кандай витаминдер жана биологиялык активдүү кошулмалар көп...
Ал эми биологиялык активдүү кошулмаларга (БАД) толугу менен каршымын. Ал азык түрүндө келип, эч кандай көзөмөлдөн өтпөйт. Тамак түрүндө көп колдонулуп, алгач эле боорго зыян.