Бишкекке коронавирустан улам 12 санитардык пост коюлууда. Карта

Каттап жаткандардын ден соолугу тыкыр текшерилип, жолоочулап жүргөн максаты такталат. Жеринде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери күзөттө турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. – Sputnik. Эми эл Бишкек шаарынан чыгып же киргенде коюлган 12 санитардык посттор аркылуу гана өтө алат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Каттап жаткандардын ден соолугу, жолоочулап жүргөн максаты такталат. Жеринде ӨКМдин жана милиция кызматкерлери күзөттө турат.

12 пост Бишкек калаасынын төмөнкү жерлерине коюлат:

  • Фучик көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишине;
  • Жаш гвардия бульвары проспектиси менен Саадаев көч. кесилишине;
  • Тоголок Молдо менен Саадаев көч. кесилишине;
  • Курманжан датка көч. менен Чоң Чүй каналынын кесилишине;
  • Жибек жолу пр. менен Лермонтов көч. кесилишине;
  • Салиева менен Ауэзов көч. кесилишине;
  • Ауэзов менен Анкара көч. кесилишине;
  • 7-апрель көчөсүнө (панорамага кеткен бурулушта);
  • Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көч. кесилишине (Семетей көч. жогору)
  • Дэн Сяопин менен Алыкулов көч. кесилишине;
  • Муромская жана Алыкулов көч. кесилишине;
  • Кожобергенов менен Семетей көч. кесилишине.

"Урматтуу жарандар, үйдөн чыкпай, эки жакка басканды токтотуп турууңуздарды өтүнөбүз. Бул абдан маанилүү!", - деп айтылат тараткан маалыматында.

Андан сырткары, азык-түлүк менен товар ташыгандар өткөрүлүп турары айтылган.

Бишкекке коронавирустан улам 12 санитардык пост коюлууда. Карта

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Бир жолу колдонгон бет капты кескилеп ыргыткыла! Дарыгердин сунушу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 16га (жети эркек, тогуз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, бешөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.