Ал баёо, кыялкеч, тышкы кебетеси комсоо болгону менен ички дүйнөсү бай каармандарды – кайсыл заман болбосун жүрөккө жакын адамдардын да бейнесин жаратыптыр. Анын тили өзгөчө ширин, ичкиликтердин майин угулуучу сөз корун тандап урунуп, жазгандарын окумдуу жана угумдуу кылган экен. Биз бүгүн ошол жазуучу, драмачы, киносценарист Мурза Гапаров тууралуу 12 факт сунуштайбыз.
Эрке жетим, жүзбашынын жээни. Таятасы Абжапар жүзбашы болуптур, арабча билген, динди кадыр туткан киши экен, убагында большевиктер менен ок атышып, 90го чыкканда көзү өтүптүр. Ошол таятасы менен чоң атасы тууган экен, бешик куда болуп, атасы 14, апасы 13 жашында турмуш куруптур. Үч-төрт жашында апасы каза болуп, болочок жазуучу таененин колунда өстү, ал нарктуу, салттуу аял болгон. Таенеси Сялма (Салма эмес) менен эрке жетим убагын кийин мындай эскерди: "Үйүбүз эки коргондон турар эле. Коргондун ичи жык толо алма, өрүк, жаңгак, шабдалы, алча, гилас… кош коргондун артында биздин аталарыбыздан калган кең өрүкзарлар жатчу созулуп. Ал өрүкзарга кош коргондон кош дарича чыгат. Биздин үйгө бир чоң түп өрүк сөйкөнүп өсчү. Кыштын күндөрү, шамал түндөрү ошол өрүк кычырап, кычыраганы үйдүн ичине кирип турчу эле. А биз болсо үйдүн ичинде сандалди тегеректеп отурчубуз… Үч небере өрүктүн кычыраганын тыңшап уктачу элек. Менин колтугумда бырылдап таргыл мышык уктачу. Таенем ташпанардын жарыгында отуруп, ийик ийричү. Кыш ичи эчкинин жүнүнөн же болбосо пахтадан жип ийрип чыгар эле. Жаз келип, күн жылый баштаганда эшиктин алдына таар курат эле". "Галмама чоң энем жеткен кызык, эч кимге окшобогон киши болчу. Тиштерин капкара кылып боёп алат эле. Жаш кезинен ошентчү экен". Ошентип Мурза Гапаров көктөйүнөн бир жагынан ичкиликтердин салттуу маданиятынын уюткусун өзүнө сиңирди, экинчи жагынан табиятты, адамдарды таанып-билүүгө далалаты, дили ышкылуу болуп өстү, үчүнчү жагынан согуштун, жокчулуктун каарын жон териси менен кабылдады. Ушунун баары анын жазуучу болушуна түздөн-түз таасир этти, андагы көрүп-билгендери өзүнө баш ийип да, баш ийбей да чыгармаларына биринин артынан бири кире берди…
Кыялды жакшы көргөн киши. Ошон үчүн университетти бүтүп эле республикадагы келечектүү кызмат орундардын бири "Советтик Кыргызстан" гезитине кабыл алынганына карабай, 1962-жылы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб районуна мугалим болуп кетип калат. Райондун борборунда кал десе да болбой, алыскы Кызыл-Рабаттын Токтомуш айылындагы Токтогул атындагы мектепке ишке кирет. Ал жактан мергенчилик кылып, тил үйрөнүп жүрүп, "Кара-Көлдүн каздары", "Жол кырсыгы" деген аңгемелерин, "Кыштакча" повестин, "Ак поезд" деген киносценарийин жазуу үчүн материалдарды таап кайтат. Экинчи жолу борбордогу атак-даңкын, кызматын таштап, 1974-жылы Ошко кетип, Ош кыргыз драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштей баштайт. 1984-1986-жылдарда болсо Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчиси кызматын аркалап, Көл жакка көп-көп барып турат. Ал кабинеттик жазуучу болгон эмес. Колу бошогон-бошобогонуна карабай Ошко, Арсланбапка, Баткенге тынымсыз чыгып, дервишчесинен жүрө берген. "Күнөстүү арал" повести, "Айгүл тоо", "Нойгуттун кызын издеп" ж.б. бир топ чыгармалары ошол таасирлерден жазылган. Ал сюжет издеп, каарман издеп, кайыш курткасын кийип, торбосун асынып, кеткиси келген жакка кетип калчу. Жазуучу болом деген киши Ата Журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгышы керек дейт. 70-жылдардын соңунда Баткендин Кыштут айылынан ары эки мугалим жигит менен кырк чакырым жол басып, сокмо жолдордон, жалгыз аяк кыялардан, кылкылдак көпүрөктөрдөн, кылт этсең Көк-Дайрага (Сох дайрага) кулай турган баш айлантма аска боолорунан өтүп Зардалиге барат. Ал көп чыгармаларын кыялындагы элестерден жазчу, анын кыялы өтө учкул, романтикасы бай эле. Чындык менен кыялды укмуштай ашташтырчу...
"Көчөдөн" даңгыр жолго... Москвадан окуп келип, 1968-жылы "Кыргыз телефильм" студиясына редактор болуп ишке орношот, ошол жылдарда "Көчө" фильминин сценарийи жазылат. Чачылган кыштактарды ирилештирүү нооканы жүрүп жаткан, кино ошол тууралуу трагедиялуу болмок, бирок фильм тарткандар бийликтен корунуп, комедияга ооп туруп алышат. 1972-жылы "Көчө" фильминин сценарийи конкурста сыйлыкка жетип, ага 750 рубль берилет. Картинаны "Кыргызфильм" студиясы 6 миң рублге сатып алып, прокаттан 12 миң рубль жазылып, кыскасы, кармалгандан тышкары 12 миң рубль колуна тиет. Бул агезде чоң акча болчу. Ошого элде жок кылып айылына, кырга, бак арасына бышкан кыш менен беш бөлмөлүү үй салат. Ошол жерде отуруп алып, Михаил Шолохов Дон боюнда жазгандай жазамын деген…
Ош театрынын ооматына салым кошкон. 1972-жылы ачылган Оштогу кыргыз драма театрынын труппасына эки жылдан соң адабият бөлүмүнүн башчысы катары Мурза Гапаров кошулду. Ал жер чыныгы чыгармачыл чөйрөгө айланды. Өзгөчө таланттуу режиссёр Искендер Рыскулов, актёрлор Дүйшөн Байдөбөтов, Акылбек Абдыкалыков, Мукамбет Токтобаев, Токтобек Сатаров, Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Тынарбек Аманов, Марат Алышбаев, Бекин Сайдахматов, Ташбек Кудайбергенов дал ушул Мурза Гапаров менен бирге өнөрлөрүн өрчүттү. Ошол кезде – 1975-жылы "Кадыр түн" деген пьесасы коюлуп, кыргыз драматургиясына жаңылык алып келди. 1979-жылы "Дарыялардын шоокуму" драмасы сахнага чыкты. Ош облустук жетекчилердин каршылыгынан улам даярдалып, афишалары илинип калган "Разияны эскерүү, же өзүбүздү өзүбүз ойнойбуз" деген пьесасы сахнадан алынып калган. Ошол жылдары Оштун борборунда, жака-белинде кыргыз драма театры эпсиз узун эшелонду сүйрөп алып бараткан паровоздой, Мурза Гапаров жазган Памирдеги "ак поезддей", короону баштаган эркечтей, колду жоого баштап кирген туу көтөргүч – алтандай вазийпа аткарды. Ошондогу Оштогу ар кыл окуудагы, жумуштагы кыргыз жаштары кийин, мына азыр рухий жактан канчалык байысак, ошол байышыбызда биринчи ролду Ош кыргыз драма театры аткарды.
Жазган каармандарын турмуштан алган. Хорог шаарында бир жолу таанышкан адамы Гапаровдун "Кара-Көлдүн каздары" деген аңгемесине киргизилген. Ал Мургабдагы Кара-Көлдү, андагы жүрөгүнө жакын адамдарды, көл үстүн бербей кыйкуулаган каздарды эстеп, бирок аларга мына барам, ана барам деп бара албай жүргөн, "токойдо ырдап жүргөн мас булбул" өңдөнгөн адам болуп Карамшо деген ат менен каарман болуп чыга келди. "Кыштакчадагы" жаш завуч – Гапаров менен акыркы учурга чейин байланышып жүргөн Азиз Сейитбеков, мергенчи – кадимки Мургабдагы атактуу аңчы Чыныбай аба, "Көчөдөгү" Аваз – өзүнүн үкаси, Коңурбай раис – Мамасыдык Коңурбаев, Малике – Инаят эже, Ормотой шыбакчы, Туман мерген, Абдилла бешикчи, шыпыргы сатуучу Нышанбай – баары бир айылдын жашоочулары. Тарбиялаган таенеси "Байчечек" аңгемесинде чагылдырылат.
Аялдары. Ал аялдарды өзгөчө сүйүп өттү. Биринчи аялы, өзү айткандай, байбичеси Алмажан Осмонкулова 19 жашында, анда жазуучу 31 жаш кезинде, 1967-жылы турмушка чыкты. Экөөнүн айырмасы 12 жаш эле. Экинчи аялы Галина Ивановна (аны Галия дечү) болсо 1984-жылы 24 жашында 48ге келген жазуучунун колун кармады. Экөө менен тең Мурза Гапаров барып-келип катташып жашады, атүгүл экөө биригип, бири салатын жасап, бири тамагын жасап мейман күткөн күндөрү болду. Галия Гапарова Токмокко жакынкы ивановкалык чуваш кызы, дүйнөлүк маданиятты абдан кана окуган, түшүнгөн, эстетикалык табити татымдуу жан эле. Чыгармачылыкка өнөктөш автор болуп "Мээримдүү Мээри" ("Мээри дүлөйдүн турмушу жана сүйүүсү" (1993), "Бар үмүтүм сенде, София Булан" (1993), "Өлгүм келет, спонсор керек" (1995), "Кызганчаак келиндердин кечеси" (1997) пьесаларын, экөөнүн ортосунан туулган кызы Айкыз Гапарова менен өнөктөшүп "Караван сарай" драмасын жазган.
Нооруз десек Мурза Гапаровду түшүнөбүз. Союз учурунда кыйла саясатчылар, алардын ичинде жазуучулар компартиянын катарына өтүп, саясатташып, динди жерип, өткөндүн баарын кылычтап шылып таштаган. Анан кайра куруу дегени башталып, эскини тикелейли десек, аларын билген пенде жок. Издеп-издеп Мурза Гапаровду табышкан. "Атылбай калган текедей" жүрүптүр, эски Ноорузду эсинде сактап. Кереги тийди. Биз жерип ийген, ыргытып таштаган, унутуп калган нерселерди быркырап сынган карапаны кайра бирден тергендей терип, чогултуп, кураштырып чыкты. Миң киши, бир система бузган нерсени бир киши оңдоп берди. Ал киши чоң майдандагы, окуу жайлардагы Нооруз майрамынын сценарийин жазып берди. Гапаровдон Ноорузду билдик. Ал киши жерден ысык чыгып, асмандан нур келип, тили каткан парандаларга тил кирип, чээнде жаткан казандалар аптапка чыгып, кыш топтогон тоң кетип, топуракка тап келген, улустун улуу күнү, кыргыздын жаңы жылы Ноорузда туулган.
Ташпанар — эстелик. Мурза Гапаров сүрөтчү уулу Исраилге өлгөндө бейитбашыма сүрөтүмдү койбогула дептир. Япон стилиндеги ташпанар коюп койгула дептир. Ошентишти. Өлгөнгө чейинки элиталардын заңгыраган мүрзөлөрүнүн арасында жөпжөнөкөй бир эстелик-фонарь турат. Белгисиз бир кол дал ошол фонарды көтөрүп, япондордун байыркы шаары Киотого же тазалыктын тоосу Фудзиямага быжырап аябай көп ажайып гүлдөрүн самсаалатып төгүп турган сакураларды аралап, дервиш сымал жай басып бараткандай… Ал киши сууктан коркчу экен. Гапаров 2002-жылы 11-июнда, жайдын ысыгында — балким кылымдын эң ысык күнүндө үзүлдү…