БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус менен натыйжалуу күрөшүү үчүн алкоголь менен тамеки чегүүдөн баш тартууга чакырды. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.
"Иммундук система жакшы иштеши үчүн таза жана пайдалуу тамакты жегиле. Алкоголду, чылымды жана шекер кошулган сууларды азайткыла. Вирусту жуктурган учурда чылым анын оор формасына өтүп кетишин тездетет", — деген брифинг учурунда Гебрейесус.
Ал ошондой эле күн сайын кеминде 10 мүнөт көнүгүү жасап, денени жибитип турууну сунуштаган.
"Эгер силер үйдөн иштеп жатсаңар, бир эле абалда көп убакыт отура бербегиле. Ордуңардан туруп, ар жарым саат сайын үч мүнөттөн көнүгүү жасап тургула", — деген ДССУ башчысы.
Гебрейесус учурда коронавирус 65 жаштан өткөндөргө жана 50 жашка чейинки жаш адамдарга бөтөнчө кедергисин тийгизип жатканын айткан. Ал жаш муун оорунун белгилерин сезбесе дагы башкаларга жуктурушу мүмкүндүгүн айтып, жоопкерчиликтүү болууга чакырган.
22-март эртең мененки маалыматка ылайык, коронавирус жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча 307 277 адамга жетти. Анын ичинен 13 048 адам көз жумуп, 92 372си айыкты.