Ош: аткезчилик менен 80 миң бет кап алып киргендерге иш козголду. Сүрөт

Финполдун Ош шаарындагы кызматкерлери атайын сатып алуу жүргүзгөн. Соодагерлер 80 миң масканын тиешелүү документтерин көрсөтө алышкан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ошто аткезчилик жол менен медициналык бет каптарды алып кирип, кымбат баада сатам дегендерге карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирди. 

Ош: аткезчилик менен 80 миң бет кап алып киргендерге иш козголду. Сүрөт

Аэропортко жүргүнчүнү тосуп, узаткандар киргизилбейт! Штабдын эскертүүсү
Ага ылайык, Финполдун Ош шаарындагы кызматкерлери атайын сатып алуу жүргүзгөн. Анда соодагерлер 80 миң масканын тиешелүү документтерин көрсөтө алышкан эмес. Ошондой эле алардын маскаларды кымбат баада сатуу ниети болгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылды.

ЭКККК жарандарды социалдык маанилүү товарлардын мыйзамсыз кымбатташы боюнча фактыларды кабарлап коюуну өтүнөт. Тынымсыз байланыш 1955 номери аркылуу болсо, нөөмөт бөлүмдүкү 0312 323 083, 0312 543 980 жана 0312 541 712.