Кыргызстанда соңку эки жылда 600дөй киши спорттук наамдарга ээ болгон

2018-жылы атлеттердин көбү "Эл аралык класстагы спорт чебери" наамы үчүн талаптарды мыкты деңгээлде аткарып, соңку беш жылдагы рекордду жаңылашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги 2018-2019-жылдары 600гө чукул адамга спорттук наамдарды ыйгарган. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Футбол боюнча Европа чемпионаты бир жылга жылдырылды
Ага ылайык, 2018-жылы "КРдин спорт чебери" наамы 199 спортчуга берилсе, былтыр 250 атлет алган. Эки жыл мурда "Эл аралык класстагы спорт чебери" наамы 56 адамга ыйгарылса, былтыр бул көрсөткүч эки эсе төмөн болгон.

Дал 2018-жылы атлеттердин көбү "Эл аралык класстагы спорт чебери" наамы үчүн талаптарды мыкты деңгээлде аткарып, соңку беш жылдагы рекордду жаңылаганы айтылат.

Соңку эки жылда дене тарбия жана спорт жаатындагы мамлекеттик наамдарды 54 киши алган:

  • III даражадагы "Манас" ордени —1;
  • "Данакер" ордени — 1;
  • "Даңк" ордени — 1;
  • "Даңк" медалы — 11;
  • КРдин эмгек сиңирген дарыгери — 2;
  • Дене тарбия жана спорттун мыкты кызматкери — 15;
  • Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери — 1;
  • КРдин Ардак грамотасы — 22.