Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Элчиликте жарандарды кабыл алууну токтотпоо үчүн кызматкерлердин нөөмөтү түзүлгөн. Ошондой эле байланыш номерлерди жана электрондук почталарды көрсөтүп беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде коронавирус менен күрөшүү штабы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул туурасында дипломатиялык мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Элчилик жарандарды кырдаалды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

"Бизде штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жарандарды кабыл алууну токтотпоо үчүн кызматкерлердин нөөмөтү түзүлгөн. Ошондой эле +7 (925) 103-29-11 номери аркылуу тынымсыз байланышта болушат. Кошумча маалыматтар үчүн +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 номерлерине чалып же info@kyrgyzembassy.ru, www.elchi.ru электрондук почталарына жазууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
Дипломаттар Россияда иштеген кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөй, коронавирустан коргонуу эрежелеринин бардыгын сактоого чакырышты.

Элчилик Кыргызстан вируска байланыштуу сыртка чыгууга тыюу салганын эскертип, бирок бул аба транспорту аркылуу жүк ташууларга, чартердик авиакаттамдарга жана айрым жүргүнчү рейстерге тиешеси жок экендигин айткан. Тагыраагы, Москва — Бишкек, Москва — Ош жана Новосибирск — Бишкек каттамдары жумасына бир жолу аткарылып турат.