Көчөттү көчөдөн, базардан эч качан сатып албаш керек. Алардан эч кандай пайда чыкпайт. Анткени көчөттөрдүн тамыры ачык болбой, атайын муздаткычта сакталышы зарыл. Бул тууралуу Абдулла Ташиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көчөттү отургузуудан мурда жерди анализ кылып, вирус барбы-жокпу, эмне жетишпей турганын текшерип, кем-карчын толукташ керек.
"Бак отургузууда алгач жерди анализдеп, вирус бар же жогун аныктап алыш керек. Жетишпеген витаминдер менен жерди байытып, андан кийин көчөт тандоого өтүү зарыл. Көчөдөн, базардан тамыры ачык турган көчөттөрдү сатып албагыла. Алар атайын муздаткычтарда сатылуусу зарыл. Андан тышкары, сатуучунун көчөт сатууга сертификаты болуусу шарт. Ал эми кайсы бак-даракты эгүүнү тандай албай жатсаңыз биздин өлкөнүн климатына ылайыкташкан өсүмдүктөргө басым жасаңыз. Эгер алма багын кеңейтүүнү кааласаңыз, кышкы сортторунан редшив, голден делишес жана гренни смит, ал эми жайкы алмадан эрли женева жана гала мастты отургузуңуз. Мындан тышкары, чиеден (гилас) кордия, бигарро бурлат, саммит, регина, кара өрүктөн ажелино жана стенли, өрүктүн фаралия, шалах сорттору жегиликтүү, мөмөлүү болот. Ошондой эле алмуруттан вильямс, конференция сорттору биздин шарттарга туура келет", — деди Ташиев.
Багбан бактарды отургузууда өлкөнүн ар аймагындагы климаттык шартка кароо керектигин кошумчалады.