Иранда калып калган кыргызстандык айдоочулар үйлөрүнө кайтып келе жатат

Марттын башында алыска жүк ташыган айдоочулар коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Иранда жүк ташуучу автоунаалары менен калып калган айдоочулардын маселеси чечилип, мекенине кайтып келе жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Балыкчыдагы посттон айдоочулар өтө албай жатышабы? Өкмөт жооп берди
Ага ылайык, учурда 60 айдоочунун 21и Россия-Казакстан чек арасындагы "Караозек" көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшкөн. Дагы 10 унаа Азербайжан-Россия чек арасындагы "Самур" көзөмөл-өткөрмө жайынан өткөнгө камынып жатышат. Ал эми 25 унаа Казакстан аркылуу келе жатышат. Дагы бир айдоочу Казакстан-Россия чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды. Анткени ал Казакстандын жараны болуп саналат.

ТИМ өкмөткө айдоочулар менен байланышып, сүйлөшкөнүн айткан.

Эске салсак, марттын башында социалдык тармактарда алыска жүк ташыган айдоочулардын видеосу чыгып, коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан. Кийин ТИМ бул маселеге киришип, алардын кайтып келишине көмөк көрсөтө баштаган.