Антисептикалык каражаттар коронавируска канчалык таасир эте алат

Курамында этил спирти бар каражаттар вирустун белоктон турган "кабыгын" талкалай алат. Бирок коронавирусту өлтүрө алар-албасы илимий жактан далилдене элек.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россиянын сапат системасы мекемеси (Роскачество) эл текчелерге калтырбай талап кетип жаткан колго себүүчү антисептикалык каражаттардын коронавируска канчалык таасири бар экенин айтып беришти. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, курамында этил спирти бар каражаттар вирустун белоктон турган "кабыгын" талкалай алат. Бирок коронавирусту өлтүрө алабы же жокпу, илимий жактан далилдене элек.

"Кандай болгон күндө дагы вирустуу эпидемия болуп жатканда антисептикалык каражатты колдонуу керек. Ал үчүн курамындагы спирттин көлөмү 60 пайыздан аз болбошу керек. Бир сепкенде колго 3-4 грамм сээп, бир мүнөткө чейин сүрүш керек", — деп айтылат макалада.

Баса, мындай каражаттарды үй шартында даярдап алса болот. Анын ыкмасын Sputnik агенттигинин окурмандарына медицина илимдеринин кандидаты, Республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн алдыңкы адиси Надира Соромбаева айтып берген.