Жекшембиге карата аба ырайы

Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. 22-март, жекшемби күнү, Ысык-Көл өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Таласта +15…+20, Ысык-Көлдө +9…+14, Нарын жергесинде +10…+15 жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +18…+23 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада күндүн табы +17…+19 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +21…+23 градуска дейре жогорулайт.