Муфтият 23-мартта ажы башчылыкка каттоо иштери башталарын жарыялады

Эреже боюнча 49 зыяратчыга бир ажы башчы дайындалат. Быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 6-апрелге чейин ажы башчылыкка каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларын каттоого алуу иши облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы зыяратчыларды серверге каттоочу операторлор тарабынан жүргүзүлөт.

Муфтияттын маалымат кызматы бул иштер Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечимдерине каршы келбей турганын белгилейт.

“Ажы башчы болууну каалагандар шаар, райондорго келип бирден катталып кете беришет. Көп адам чогулбайт. Эреже боюнча 49 зыяратчыга бир ажы башчы дайындалат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ажыга барчу кыргызстандыктарды ташый турган авиакомпания аныкталды
Ошондой эле ажылыкка катталгандардын алгачкы тобу болжол менен 10-июндан тарта Сауд Аравияга жөнөтүлөрү айтылды.

Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку бир айдын аралыгында 1000ге жакын кыргызстандык Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген. Бүгүнкү күндө анын ичинен 12 адамдан коронавирус табылды. Сегизи Сузактын, үчөө Ноокаттын, бирөө Баткендин тургундары.