Кыргызстандын аймагында мергенчилик кылуу убактылуу токтоду

Токой чарба агенттиги жаныбарлар менен канаттуулар аркылуу коронавирус өңдүү оорулар тарашы мүмкүн деген божомолдон улам аң уулоону убактылуу токтотту.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Коронавирустун тарашын алдын алуу максатында Кыргызстандын бардык аймагында жазгы аң уулоого жана мергенчилик кылууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Тийиштүү чечимге аталган агенттиктин башчысы Мирслав Аманкулов кол койгон.

Коронавирус кесепети: КР бюджети 450 млн. доллар зыян тартары болжолдонууда
Биотүрдүүлүктү жана өзгөчө корголчу жаратылыш аймактарын коргоо департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаевге жетекчиликтин чечимин аңчыларга жеткирүүсүнө тапшырма берилген. Ошондой эле ага жапайы жаныбарлар менен канаттуулар аркылуу коронавирус өңдүү оорулар тарашы мүмкүн деген божомолдон улам мамлекеттик органдар менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айтылды.

Мындан тышкары, Мусаевге укук коргоо органдары менен биргеликте рейд жүргүзүп, жаратылыш мыйзамын бузгандар аныкталса катуу чара көрүү милдеттендирилген.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин бөлүмдөрүнүн имараттарында коронавирустан коргонуу үчүн дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.