Кыргызстанда дагы 6 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда 21-мартка карата дагы алты адамдан коронавирус табылды. Бейтаптар изоляцияланганы кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. – Sputnik. Бүгүн, 21-мартта, Баткен менен Сузакта дагы алты адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Толо Исаков билдирди.

Анын айтымында, ушуну менен Кыргызстандын аймагында вируска кабылгандардын жалпы саны 12ге жетти.

“Баткенден бир, Сузактан беш адамдан коронавирус аныкталды”, - деди Исаков.

Бейтаптар изоляцияланып, медиктердин көзөмөлүнө алынды.

Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар

18-март күнү эртең менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам катталганын билдирген. 70, 62 жана 42 жаштагы эркектер Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиясынан ажылыктан келишкен. 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.