БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. COVID-19 коронавирусун жуктуруп, кийин сакайып кеткен эркектерде тукумсуз болуп калуу коркунучу болбойт. Бул тууралуу россиялык урологдор менен вирусологдорго таянып "Известия" басылмасы жазды.
Азырынча окумуштуулар коронавирус козгогон пневмонияга кабылган эркектер оорунун акыркы стадиясында гана жумуртка клеткалары жабыркай турганын билишет.
Сеченов университетинин Урология жана адамдын репродуктивдик ден соолугу институтунун директорунун орун басары Дмитрий Еникеевдин айтымында, 2003-жылы ошол эле Кытайдан чыккан SARS вирусунун дагы кесепеттери дал ушундай болгон.
"Анда окумуштуулар иликтеп көрүп, оору тукум улоо системасына акыркы стадиясында гана таасир этерин аныкташкан. Бирок анда дагы вирус өзү менен андан пайда болгон оору, башка өнөкөт илдеттер менен аралашып кеткендеги абал себеп болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен", — деди уролог.
Анткен менен адистер айрым вирустар чындап эле эркектерди тукумсуз кылып коюу жөндөмү бар экенин айтат. Мисалы, эпидемиялык паротит (эл арасында свинка деп айтылат — ред.) өтүшүп кеткен учурда тукумсуздукка алып келиши мүмкүн экени кошумчаланды.