Коронавируска кабылган 6 адам дагы кичи ажылыкка барып келишкен

Бүгүн, 21-мартта, Баткенден бир, Сузактан беш адамдан коронавирус аныкталганы кабарланды. Бейтаптар изоляцияланып, медиктердин көзөмөлүнө алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Коронавирус табылган алты кыргызстандык буга чейин Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келишкени маалым болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12ге жетти. 

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда дагы 6 адамдан коронавирус табылды
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилген.