Коронавирустун бар-жогун аныкташ үчүн кимдер тест тапшыра алары айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги иш-аракеттер боюнча алгоритмди өзгөрттү. Эми сырттан келгендерде оорунун клиникалык белгилери болбосо, обсервацияга алынбай эле  үй карантинине жиберилет. Бирок ага чейин ар бири анализ тапшырат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Коронавирустун бар-жогун аныктаган тесттерди оорунун белгилери бар болгон бардык жарандар тапшыра алат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан билдиришти.

"Бирок жаран эпидемиялык абалы жагымсыз делген өлкөлөрдөн келбесе жана илдетке чалдыккандар менен эч кандай байланышпаса, анализ тапшыруунун кажети жок. Биринчи кезекте дарыгерге кайрылуу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Кыргызстанда тест-системалардын саны жетиштүү экени кошумчаланды.

Ноокатта коронавирус жуктурган аялдын кызы текшерилбей Чүйгө качып келген
Эске салсак, бүгүн, 21-мартта, коронавирус жуктуруп алган дагы алты адам катталды. Ошентип ушул тапта өлкө ичинде COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 12ге жетти.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги иш-аракеттер боюнча алгоритмди өзгөрттү.

Эми сырттан келгендерде оорунун клиникалык белгилери болбосо, обсервацияга алынбай эле үй карантинине жиберилет. Бирок ага чейин ар бири анализ тапшырат.