БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда чет өлкөдөн келгендерди өлкө аймагына киргизүү боюнча алгоритм өзгөртүлдү. Бул тууралуу онлайн-брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.
Ага ылайык, эми кайсы мамлекеттен келбесин вирус жуктуруп алуунун клиникалык белгилери бар адамдардын баары медициналык жайларга жаткырылат.
“Чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору (жөтөл, дене табы көтөрүлгөн) байкалса, алар стационарга жаткырылат. Эгерде оорунун эч кандай белгилери жок болсо, жаран үй шартында обсервацияга киргизилет. Бирок карантиндин талаптарын бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт”, — деди Исаков.
Ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынары айтылды.
Эске салсак, бүгүн, 21-мартта, коронавирус жуктуруп алган дагы алты адам катталды. Ошентип ушул тапта өлкө ичинде COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 12ге жетти.
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
18-март күнү эртең менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам катталганын билдирген. 70, 62 жана 42 жаштагы эркектер Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиясынан ажылыктан келишкен. 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.