Бишкекте коронавирус жуктурган эки учур катталды

Бүгүн, 21-мартта, Бишкекте коронавирус жуктурган эки адам катталды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы эки адам катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, жуктурган бир адам Франциядан келип, "Манас" эл аралык аэропортунун авиабазасында жайгашкан обсервация борборунда болчу. Ал эми экинчиси кичи ажылыктан кайтып, Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында изоляцияга алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын баары сырттан келген.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда өлкөдө абал кандай
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды. 

Ушу тапта жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти.