БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Баткен районунун үч айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн эртең мененки маалымат жыйында Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген алты адамдан COVID-19 аныкталганы кабарланды. Алардын бешөө Сузактын, бирөө Баткендин тургуну экени айтылган.
Вирус жуктурган баткендик киши Самаркандек айылынын жашоочусу. Буга байланыштуу район акими Каланбек Маркаев Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.
Коронавирус Кыргызстанда
Ал эми 20-мартта умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болгон. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.
21-мартта дагы Сузактын беш, Баткендин бир тургунунан COVID-19 аныкталды.