Жээнбеков: банктар кардарларына түшүнүү менен карап жардам бериши керек

Коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхчасы начарлаган займчыларга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Өлкөдөгү каржы-насыялык уюмдар азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, кардарларына карыздарын төлөө жана насыяларды реструктуризациялоо маселелеринде болушунча жардам бериши керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 19-март күнү кечке жуук доллардын баасы 85 сомго чейин чыгып, башкы банк 3,7 миллион доллар сатууга аргасыз болгон.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берип жатып, учурда валюта рыногунда чет элдик валюталарга суроо-талап жогору болуп турганын айтты. 

Жээнбеков: банктар кардарларына түшүнүү менен карап жардам бериши керек
"АКШ долларынын курсунун жогорулашы дүйнөлүк каржы базарларындагы өзгөрүүлөргө жана биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн базарларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу. Бул өңүттөн алганда Кыргызстанда дагы долларга жана калган валюталарга карата валютанын курсу түзөтүлүп жатат", — деди Абдыгулов.

Анын айтымында, алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жайгаруу максатында Улуттук банк чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенцияларды жүргүзүп жатат.

Доллар 79 сомго чейин түштү
Мындан сырткары, Улуттук банктын башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 18-мартында "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтому кабыл алынган.

Ага ылайык, коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхчасы начарлаган займчыларга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилүүдө. Ошондой эле коммерциялык банктарга насыяларды төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуштамалары берилди.

Мамлекет башчысы азыркы түзүлгөн экономикалык кырдаалды, анын ичинде Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүндөгү абалды эске алуу менен туруктуу макроэкономикалык кырдаалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

"Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетүү керек", — деди президент.

Жээнбеков өлкөдө коронавирустун жайылышына жана доллардын баасынын жогорулашына жол бербөө чараларына байланыштуу бул абалда насыяларын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар боло турган ишкердик субъектилерге жана займчыларга колдоо көрсөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.