Соцкызматкерлер жалгыз жашаган карыяларга жардам берүүдө. Сүрөт

Соцкызматкерлер жалгыз жашаган карыялардын кан басымын текшерип, азык-түлүгүн жеткирүүгө көмөктөшүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Бишкек шаарындагы башкармалыктардын кызматкерлери жашы өтүп калган, жалгыз жашаган жана үй-бүлөлүк шарты начар адамдарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалды эске алып, соцкызматкерлер жалгыз жашаган кары-картаңдарга медициналык жана материалдык жактан көмөк көрсөтүп жатышат.

"Соцкызматкерлер улгайып калгандардын кан басымын текшерип, азык-түлүгүн алып барып берүүдө", — деп айтылат билдирмеде.

Мындан сырткары, алар коронавирус, аны алдын алуу, вирустан сактануу боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандагы коронавирус

Пенсионер, жакыр жашагандарга жардам берели! Вице-спикер жаштарга кайрылды
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.