Ысык-Көлдөгү бардык пансионат, эс алуу жайлары карантинге жабылат

Облуста 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, үч реабилитациялык борбор жана балдар эс алган 19 лагерь иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы бардык пансионат, эс алуу үйлөр карантинге жабылат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиевдин айтымында, мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу максатында облустук штабдын бүгүнкү отурумунда кабыл алынган.

"Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетпешин алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын аткарышыбыз керек", — деген Осмоналиев.

Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 192 эс алуу үйү, 119 мейманкана, 12 эс алуу борбору, үч реабилитациялык борбор жана балдар эс алган 19 лагерь иштейт.

Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирус жуктургандар 2000ден ашык киши менен байланышкан. 65и — Бишкекте
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.