Ызы-чуу түшпөй, дайыныңарды айткыла! Министр умрадан келгендерге кайрылды

Бүгүн Кыргызстандын аймагынан коронавирус жуктурган дагы үч адам аныкталды. Алар дагы умрага барып келген Ноокат районунун тургундары.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кичи ажылыкка барып келген кыргызстандыктар дүрбөлөңгө түшпөй, кайда экендигин билдирип коюусун суранам. Бул өтүнүчүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстандын аймагынан коронавирус жуктурган дагы үч адам аныкталды. Алар дагы умрага барып келген Ноокат районунун тургундары.

Министр алардан дайынын билдирип, эгер оорунун белгиси болсо, үйдөн чыкпай отуруусун суранды. Чолпонбаевдин айтымында, аларды дарыгерлер үймө-үй кыдырып текшерип жатат.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.