Коронавируска байланыштуу 42 мамлекет менен почта алмашуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Мимоза Жээнбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө ичинде почта кызматы мурдагыдай эле иштеп жатат.
"Коронавируска байланыштуу бир катар өлкөлөр менен почта алмашууга чектөө коюлду. Авиакаттамдар токтотулган 42 мамлекетке почталык жүк жөнөтүү да убактылуу жүргүзүлбөйт. Өлкө ичинде почта кызматы мурдагы тартипте эле иштеп жатат. Ошол эле "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айып кагаздары өз убагында таратылууда. Ал эми карантинге алынган аймактарга посылка жеткирилбейт", — деди Жээнбекова.
Ошондой эле ал чектөө коюлган авиакаттамдар ачылганда почта кызматы кайрадан өз ишин улантарын кошумчалады.