Ош шаарында коомдук транспорт толугу менен токтотулду

Шаар мэринин тапшырмасына ылайык, бүгүндөн тарта автобус, троллейбус, маршруткалар каттамга чыкпайт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарында коомдук транспорт толугу менен токтотулду. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, бүгүндөн тарта автобус, троллейбус, маршруткалар каттамга чыкпайт.

"Калаада эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Бирок ага карабастан элдин агымын токтотуу максатында ушундай чечим кабыл алынды. Андай болбосо көчөдө тобу менен жүргөндөрдү тыюу мүмкүн эмес экен", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарындагы базарлардын баары жабылган. Ошондой эле Сулайман-Тоо, парктар жана кафелердин баары ишин токтоткон.