Мугалимдер 8-апрелге чейин үйдөн иштемей болушту

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштемей болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үчүнчү чейрек жыйынтыкталып, отчеттук иштер аяктады. Мектептерде санитардык тазалоо иштери дагы жүргүзүлгөн.

"Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер 8-апрелге чейин карантинге жөнөтүлдү. Алар окутууларды үй  шартында, дистанттык түрдө өткөрүшөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандагы бакчалар 8-апрелге чейин ишин токтотконуна байланыштуу тарбиячылар дагы аталган мөөнөткө чейин үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөрү айтылды.

Кыргызстандагы коронавирус

Өлкөдөгү менчик бала бакчалар дагы иштебей турган болду
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.