Бишкекте базар, дүкөн, дарыканалар иштеп жатат. Мэрия билдирүү таратты

Калаа мэри Азиз Суракматов соодагерлерге тамак-аштын баасы менен ойноого тыюу салынганын эскертти. Наркты дароо көтөрүп жибергендер жоопкерчиликке тартылат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Борбор калаада ири соода борборлор, базарлар, дарыканалар штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кампаларда да азык-түлүктүн камы жетиштүү.

"Калаа мэри Азиз Суракматов соодагерлерге тамак-аштын баасы менен ойноого тыюу салынганын эскертти. Наркты дароо көтөрүп жибергендер Кылмыш кодексинин 216-беренеси "Монополисттик иш-аракет жана атаандаштыкка чектөө" боюнча жоопкерчиликке тартылат", — деп жазылат маалыматта.

Базарлардын жетекчилери да ал жактагы абал, азык-түлүктүн наркы боюнча маалымат берип жатышат. "Дордой-Дыйкан" базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков тамак-аштын наркы өз баасында сатылып жатканын айткан. Ал атамекендик өндүрүүчүлөрдөн унду өз убагында алып келүүнү суранды.

Доллар өскөндүгүнө байланыштуу импорттук азыктар кымбаттайбы? Адистин жообу
Ал эми "Акун" ун комбинатынын жетекчиси Улан Калдыбаевдин айтымында, ун өндүрүүдө көйгөй жок, баа туруктуу.

Ири гипермаркеттердин жетекчилери кампаларда запас жетиштүү экенин айтышты.

Дарыкана жетекчилери бет каптарга суроо-талап көп болуп жатканын айтып, фармкомпаниялар аларды дарыканалардын филиалдарына жеткирүүгө жетишпей жатканын билдирди. Эске салсак, бир жолу колдонгон бет каптын бир даанасы 10 сомдон.