Коронавирустун пайдалуу жагын Бишкектеги Тез жардамдын кызматкери айтып берди

Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси мындай учур биринчи жолу болгонун белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкекте биринчи жолу өткөн суткада ичеги-карын инфекциясына кабылгандар катталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов Twitter баракчасына жазды.

"Болгону эл колун жууп баштады...", — деди медик.

​Медиктин посту соцтармакта популярдуу болуп жатат. Бир сааттын ичинде эле миңден ашык "лайк" топтоп 200 ретвит болду.

Колду бат-бат жууп туруу инфекцияны профилактика кылуунун бир жолу. Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө жана Кыргызстанда колду жууп туруу эң зарыл нерселердин бири болуп калды.

Кыргызстандагы коронавирус

Коронавирус жуктурган 6 кишинин абалы менен карантиндегилердин саны айтылды
Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар менен кошо 12-мартта бир каттамда Бишкекке 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган.

Ал эми бүгүн, 20-мартта, умрага барып келген дагы үч адамдан COVID-19 табылганы маалым болду. Алар Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары. Учурда аймактык ооруканада жатышат, үчөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал киргизилди.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.